super.kg logo

"Жоопкерчиликти башкага оодара коюу аракети". Орус саясатчысы Садыр Жапаровдун ЖККУнун саммитиндеги сунушу боюнча пикирин билдирди

 

16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташтык уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин кезектеги саммити болуп өттү. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өткөн саммитке уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары (Ооганстандан башка), анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров да катышты. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин видео байланыш аркылуу катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселени көтөрүп чыкты. Ал аталган чек ара аймагындагы чыңалуунун сакталып турганын белгилеп, уюмга мүчө бардык мамлекеттерди буга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Мындан тышкары региондогу абалды эске алуу менен бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштаган.

Аталган окуядан көп өтпөй орус басылмаларында өлкө башчы Садыр Жапаровдун саммитте айткан жогорудагы сунушуна ар кандай баасын берген орусиялык саясатчылардын жана эксперттердин билдирүүлөрү тарады.

Алардын арасынан биринчилерден болуп Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Александр Шерин пикирин билдирди. Орусиядагы басылмалардын бирине берген маегинде ал Садыр Жапаровдун демилгесинен кандайдыр бир маанини көрбөй жатканын билдирген.

"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы тирешүүлөр Орусиянын коопсуздугуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Албетте, ЖККУга мүчө мамлекеттер ар дайым ынтымактуу команда болуп, бири-биринин коопсуздугу үчүн иш жүргүзүшү керек. Кандайдыр бир карама-каршылык жаралса аны чечүүгө аракет кылышы керек. Бирок ЖККУга мүчө мамлекетке уюмдун курамындагы башка бир өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу сунушу жамааттык коопсуздуктун маанисин камтыган келишимдин принциптерине туура келбейт", - деп билдирген ал.

Ошондой эле Александр Шерин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан ич ара жаңжалдарын өз алдынча чечип алышы керектигин айтып чыккан. Ал эми Орусия алардын ишине кийлигишпеш керек деген оюн билдирген.

"Алар тез арада тил табышканы жакшы. Бул абалда Орусияны ыңгайсыз абалга калтырбашы керек. Орусиянын аралашуусун үмүт кылуу бул үй-бүлөдөгү "апаңды жакшы көрөсүңбү же атаңдыбы? Байкеңди тандайсыңбы же эжеңдиби? деген мисалга окшош болуп калбайбы? Орусия кантип бир тарапты тандап кете алат? Бул таптакыр туура эмес нерсе", - деген ал.

Ал эми постсоветтик изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери Станислав Притчин дагы Садыр Жапаровдун сунушуна күмөн саноо менен карай турганын айтып чыккан.

"Садыр Жапаровдун бул сунушу бир аз абсурд сыяктуу сезилүүдө. Анткени уюмга мүчө өлкөлөрдүн позициясы окшош жана тышкы коркунучтарга бирге жооп беришет. Бирок кыргыздар бул жаатта дайыма өзгөчө аракеттеги өлкө болуп келет. Эске салсак, 2010-жылдагы Ош окуясында ошол учурдагы лидер Роза Отунбаева дагы жаңжалды чечүүгө ЖККУнун аралашуусун суранган эле.

Ал эми учурдагы сунуш коңшулар менен болгон маселени өз алдынча чече албагандыктан жоопкерчиликти башкаларга оодара коюу аракети гана", - деп билдирген Притчин.

Мындан тышкары ал Орусия кыргыз тараптын мындай демилгесин колдобойт деп эсептерин белгилеген.

"Тажикстан Ооганстандан келип жаткан коркунучтарга каршы күрөшүүнүн алдыңкы сабында экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Анткени алар Борбор Азиядагы Ооганстан менен чектешкен эң узун чек арага ээ. Ал эми кыргыздарда мындай көйгөй жок. Ошондуктан Орусиянын аскердик жардамы биринчи кезекте Тажикстанга келет. А бул нерсе кыргыздардын тынчсыздануусун жаратат", - деп кошумчалаган Станислав Притчин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(23)
17.09.2021. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орустар,сабырыбызды сынай бербегиле коп. Бизге эн чон коркунуч азыр Россия.
17.09.2021. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кыргызга Кыргыздан башка эч ким кубойт ошону сезинип жашайлы ушул кунубузду бала чакабыз корбосун десек балдарыбызды Эл учун жер учун таза эмгек кылууга уйротолу адалдан тамак жедирели жана илим менен сугаралы азыр илим билимдин заманы баягы токой жашоо жок
17.09.2021. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушу орустар куйгуздуда кайсы уюм ЮШТУРУП
мучо болбосун, озунон башканы эч качан ойлобойт.чиновниктер намысынарды ийнелеп сайып брлсода ойготкулачы акчаларды жебей мекенди онуктургулочу!
17.09.2021. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Турктор менен дос болуу керек
17.09.2021. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илибой нерсенин жаңысы жакшы. Достун гана эскиси жакшы. Түрк жаңы дос. Орус эски дос. Өзүбүзгө тың болойлу.
20.09.2021. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rysik79,эгер андай болсо, тарыхта орустардан биринчи Турктор менен дос болгонбуз Жана Осмон империясынын нкгиздоочулору да Орто Азиядан чыккан.
21.09.2021. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eldico,эски дос эстен кетпейт.
17.09.2021. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына бийликтеги кыйындар,Кыргызстанды биримдикте сактап, коргоп албасак кийин кайсыл мамлекетти башкарат силердин балдарыңар небере чөбөрөңөр.Ошону дагы ойлонт бекенсиңер аа,мурдуңардан нары жыгын көрбөгөн кресло кооруган сасык бай болдуңарго.
17.09.2021. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баардык акчаны армияны көтөргөнү жумшаш керек.
17.09.2021. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дипломатиялык жол менен чечиш керек деп отура бербеш керек көрдүңөрбү орустардын жообун, ар бир аракетине тажиктерге катуу (жёстко) жооп бериш керек. Ким эмне дей алды тажиктердин аракетине эч ким эч нерсе деген жок. Ошондуктан ойлонгула чоңдор Армияны күчтөндүрүү керек 1 млр $ заманбап курал жарак, дрондорду алыш керек тажиктерге ишениш жок. Мындан кийинкиси сүйлөшүү жолу дебей жоопту катуу берүү керек ар бир кыймыл аракетине.
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2021-09-17 22:45:05
17.09.2021. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кун караган суукка тонот, бай караган ачтан олот. Кремлди карап отура берсен тажик, озбектер жеринди тартып алат.....

Кыргызстанда 2 кыргыз жараны уруша кетсе Кремль кийлигишип бирин жазалап жатат, а биздин бийлик ооз ачууга жараган жок. Бийлик лох болсо ошол болот. Же тажиктерге тен келе албаса, же орустарга аралашпа деп айта албаса олко ишине, мындай лох бийликтин барынан жогу............
17.09.2021. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Antiradikal3,Лох Шариман болчу
18.09.2021. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kuban-1207,А садыр кыйратып койдубу?36адам олду дипломатия жолу менен чечебиз деп жатып.А дипломаттарын озунор чечип алгыла деп кайра садырга оодарып койду.
18.09.2021. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal3, эркекче сен лохсун тууган. Бийлик бийлик өлкөнү азыркы абалга алып келген мурдагы бийлик жөнүндө сүйлөбөйсүңбү?
18.09.2021. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaraisyn, лох сен жана сенин "колхоз" шефтерин. Ушулардын лохтугунан башыбызды салып журобуз. Ушулардын лохтугунан канча канча жерлер озбек, тажиктерге отуп жатат....

Мен мурунку бийликтерди сындап жургондо, сен конулда болчусун. Бугунку кундогу "колхоздордун" катасын эски бийликке туртуп кою акмактын иши.........
17.09.2021. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Орустар эмес озубуз кыргыз кыргызга куйуп бышабы,тундук туштук,уруу уруу болуп болунуп чиновниктерибиз ар кимиси оз комочуно кул тартып бири бирине кырды бычак болгон элдин тагдыры башка биронуу кызыктырабы?
17.09.2021. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мына кыйын өлкөлөр, бириң этиңи бириң же деди. "Биз тажикстанга каршы ок чыгарсак башка өлкөлөр бизге каршы болуп, эл аралык мыйзамды бузабыз" деп тим эле мыйзам менен жашаган киши болушту эле, пошел дедиго алары. Анан тажикстан эл аралык мыйзамды бузуп, ок атып бастырып кирди эле, башка өлкөлөр эч нерсе дебедида, жасабадыда, бир жакшына уюмду өткөрүп, башкарып отурат. Эми силерда аткыла аларды бастырып кирсе.
18.09.2021. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура эле айтыптыр орустун эксперттери озубуздо болуп атбайбы балээнин баары Кошуналар менен эсептешкенди уйронушубуз керек.Чукушканды токтотушубуз керек
18.09.2021. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына сага,түшүнүктүү Путиндин позициясы деле ушундайда,колуңан келсе сок,таяк жедиңби,көтүңү кыс дептир,Орустун эксперттери,демек жоопту бериш керек эми Тажиктерге,дагы баштаса
18.09.2021. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Короче Баткенге чек ара штабын кочуруп,ошол жерде машыгууларды откоруп дайыма даяр тура бериш керек.Саммитте суйлогон Садырдын созун эч ким уруп ойногон жок,озунор чечип алгыла деп.
18.09.2021. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Той аш дегендерге жөн эле чачып ысырап кыла бербей той берүүчү адам андан көрө войне часттарга курал алып берсек бираз болсо да мамлекетке кошкон салымыбыз болмок. 4 5 калаш же башка курал ок дары алып берсек бираз болсо да армиябыз кучтонмок мен үйлөнсөм ушундай кылам Ин ша Аллах. Армиян күчтү болсо коңшулар сыйлайт армиян алсыз болсо тоготушпайт чоң державалар күчтүүрөөктүн сөзүн сүйлөйт.
18.09.2021. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчтыкты кааласан согушка даярдан;-Эн туура айтылган соз
20.09.2021. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан чыныгы саясатты жургузо баштаганы орусияга жакпайт да. Аларга мурункудай Кыргызстандын корупцияга батып, быт-чыт болуп турганы керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: