"Лимонтинин" өлүмүнө айыпталган Шамиевдин аялы: "Жолдошум аны өлтүрүүгө даярданып жүргөн деген сөз калп"
Кримтөбөл Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон Алмазбек Сулаймановдун өлүмүнө шектүү катары айыпталып жаткан Талгат Шамиевдин жубайы Айдай Марат кызы SUPER.KG порталына соттук отурум уламдан улам жылып, чечим чыкпай жатканына нааразы экенин билдирди.
Ал чыккан экспертизалардын жыйынтыгына макул эмес.
Айдай Марат кызынын айтымында, окуя болгон убакта ал дагы Нарында болгон.
"Окуя болгондо биз Нарында болчубуз. Себеби Бишкекте карантин башталгандан улам ата-энебиздин үйүнө барган элек. Кызым анда 1 жашта болчу, түнү менен ооруп чыккандыктан биз эртең менен ооруканага алып келгенбиз. Бизди үйгө таштап коюп, дарыгерлер жазып берген дарыны алып келе калайын деп эле дарыканага чыккан. Жарым саатка жетпей эле бизге кабар келди.
Мен Талгатка УКМКнын СИЗОсунда кармалып турганда 2 айда бир жолугуп жаттым. Ал эми СИЗО-1ден жолуктурбайт экен. Ошондо ал кылган ишине өкүнүп, бизден кечирим сураган. Талгат бул ишти нес абалда кылган. Себеби Лимонти жолдошума 3 жолу бычак сайган. Анан ал кантип өзүн коргобойт? Аны ал нес абалында сайган.
Азыр соттук иш уламдан улам жылып жатат. Чыккан экспертизаларга макул эмеспиз. Себеби далили жок эле экспертизалар сотко өтүптүр. Мисалы анын нес абалда бычак сайганы эске алынып, ошол боюнча атайын экспертиза чыгышы керек эле же тергөө жабырлануучу тарапка тартып койгонбу, бизге түшүнүксүз болуп жатат. Биздин айтарыбыз сот жолдошумду соттосо дагы акыйкаттуулук менен соттосун.
Жолдошум жалгыз өзү үй-бүлөсүн багып келген, ошону дагы эске алуулары керек. Кызыбыз 3кө чыгайын деп калды. Азыр мага, апасына оор эле болуп жатат", - деди Айдай Марат кызы.
кошулду


