Айдоочулардын эсине! Боом капчыгайында 4 күн бою таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт
Боом капчыгайында таштарды атайын кулатуу иштери жүргүзүлөт. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, 20-сентябрдан 24-сентябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын 131-чакырымында (темир жолдун 3901-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
"Унаа жана темир жолдун кооптуу участогун тосуу үчүн таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Жасала турган иштер күндүз Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жол жарым-жартылай тосулат. Жолду тазалоо учурунда транспорттор бир тилкеде каттайт.
Эгер 30-40тан ашык унаа топтолуп калса таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - дешет мекемеден.


