"Психикалык жактан жабыркайт". Ысык-Атада үч күндөн бери 16 жаштагы кыз дайынсыз болууда
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жайылма айылында 3 күндөн бери 16 жаштагы Хадича Болотбекова дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын жакыны Айпери Ашыралиева билдирип, коомчулуктан жардам сурады.
Анын айтымына караганда, ал 14-сентябрда үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.
"Хадича менин агамдын кызы. Ысык-Ата районундагы Жайылма айылында жашайт. 14-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Психикалык жактан жабыркайт. Буга чейин 2-3 жолу качып кеткен. Жоголгонго чейинки акыркы 5 күн ичинде Хадича уктабаптыр. Милиция баш болуп издеп жатабыз, жыйынтык жок болууда.
Казакстанга же Токмок жакты көздөй кетип калам деп айтканы бар экен. Ата-энеси жаман болуп жатат. Шаарга барып, көчөлөрдү кыдырып издеп жүрүшөт.
Өзгөчө белгилери: Бою 1 метр 60 сантиметр, сол бетинде калы бар.
Кийген кийимдери: үстүнө кара кафта, башында жоолугу жок (сүрөттөрдө жоолук менен түшкөн) болушу мүмкүн", - деп билдирди
Хадича Болотбекованы көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерге байланышып коюуну жакындары өтүнөт: 0504 89 46 46


