Бишкекте 11 жаштагы Алинур Мураталиев дайынсыз болуп изделүүдө
Бишкекте 11 жаштагы Алинур Мураталиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 16-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Келечек жаңы конушундагы №87 мектептен чыккан бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Өзгөчө белгилери: Бою 130-140 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү күрөң, чачы кыска.
Кийген кийимдери: Көк түстөгү кепка, ак көйнөк, кара жилет кийип жүргөн.
Кимде-ким сүрөттөгү Алинур Мураталиевди көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0702 49-88-88, 0-557 11-94-10, 0-709 33-24-63 жана 102.
Учурда кызматкерлер тарабынан издөө иштери уланууда.


