Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Талас облусуна барды



Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жана министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов иш сапары менен Талас облусунда барышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр алгач эле Талас районунун Кум-Арык айылында жайгашкан көмөкчү мектеп-интернатка барган.
"Буга чейин министр келип, интернаттын абалы менен жеринен таанышкан. Ошол иш сапарында ал айрым маселелерди жаңы окуу жылы башталганга чейин чечип берүүнү облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине милдеттендирген.
Министр андан ары Манас районундагы Айсезим орто мектебине жана Баялыш уулу Рахман атындагы орто мектепке барып, мектеп мугалимдери жана бала бакча тарбиячылары менен жолукту. Жолугушуулардан кийин Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында атайын кеңешме өткөрүлдү.
Иш-чаранын катышуучулары жалпы эле облустагы билим берүүнүн абалы, чечилбей келе жаткан көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча өз ой-пикирлерин ортого салышты", - деп жазылат маалыматта.


