super.kg logo

Казакстан: Каза болгон оор атлетчинин бир тууганы анын медалдарын көмүп, өлүмгө тиешеси барларды атады

 

Коңшу казакстандык каза болгон оор атлетчи Альберт Линдердин бир тууганы Семен Линдер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бир тууганын медалдарын кошо көмгөнүн жазды. Ал ошондой эле оор атлетчинин өз жанын кыюуга эмне себеп болушу мүмкүн экени тууралуу өз оюн айтты.

из машыгууда жүргөндө ал депрессияга түштү. Спортту сүйгөн эр жүрөк жигит сынды. Ал ушул убакка чейин машыгуусун улантты жана Казакстандын курама командасында болду. Ал кыйналып 5 күн тамак ичкен жок. Ошол учурда ар бири анын кандай кыйналганын көрдү, машыктыруучу дагы жардам берген жок. Ал колун сындырып, үйгө жалгыз жөнөтүлдү. Анын кыйналганын жеке жана Казакстан курама командасынын башкы машыктыруучусу көрдү.

Машыктыруучу эч кандай адиске кайрылган эмес. Ал эми бул бала кезибизден бери биз үчүн көптөгөн жагымсыз иштерди жасаган машыктыруучу жана муну көптөгөн адамдар билет. Көптөр башынан өткөрүшкөн. Анткени бир гана максат бар - бул акча!", - деп жазды ал.

Ал бир тууганынын өлүмүнө Казакстан курама командасынын улук машыктыруучусун күнөөлөгөн. Себеби ал кыйналып жүргөндө машыктыруучулар психологдорго кайрылып, керектүү жардам бербегендигин жазды. Ошондой эле Семен бир тууганынын медалдарын кошо көмгөнүн жазды.

"Буга күнөөлүү жеке машыктыруучу, ал ошондой эле Казакстан курама командасынын улук машыктыруучусу. Google' га бизди ким машыктырганын издесеңиз анын аты чыгат. Ал эми медалдарды алып келгенде сүйүнгөн адамдардын баары кайда? Мен бир туугансыз калдым. Мен мындан ары кереги жок болгон анын медалдарынын баарын көмдүм", - деп жазды Семин.

Альберт Линдер 17-сентябрь күнү өз жанын кыйган. Бул боюнча Казакстан полициясы кылмыш ишин козгоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: