super.kg logo

Дүйнө жүзүндөгү жаш балдар анча белгилүү эмес вирусту жапырт жуктура башташканы айтылды

 

АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Япониянын дарыгерлер тобу дүйнө жүзү боюнча балдар дем алуу органдарынын ооруларын пайда кылган анча белгилүү эмес респиратордук синцитиалдык вирусту жапырт жуктура башташканын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорк ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Рабия Ага ымыркайлар менен балдардын жаңы вирус жуктуруп алуу учурлары апрель айында болгондугун, анын кесепетинен кайра жандандыруу бөлүмдөрү дароо толуп калгандыгын билдирген.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, бул вируска чалдыккан балдардын көбүндө мурдунан суу агуу, сууктап жөтөлгөн сыяктуу болот. Бирок кээ бирлерде бронхиолит, өпкөнүн ылдый жагынын сезгениши пайда болушу мүмкүн.

Окумуштуулардын айтымында, бул вирустун жайылышына коронавирус пандемиясы таасирин тийгизген. Себеби карантиндик чаралардан улам балдардын вируска каршы иммунитети калыптанган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: