super.kg logo

"Жакын адамыңыздын атын жамынат же утушка ээ болдуңуз дейт". Нарын ОИИБи жарандарды телефон алдамчылыгынан сак болууга чакырды

 

Бүгүнкү күндө заманбап технологиянын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып ар кандай кылмыштарды жасагандардын саны өсүүдө. Ушул себептүү Нарын облустук ички иштер башкармалыгы ар бир жаранды интернет айдыңындагы алдамчылардын торуна түшүп калуудан сактанууга чакырды.

Алдамчылыктын кеңири тараган түрлөрү төмөнкүлөр:

- Жарандарга кандайдыр бир утушка ээ болгонун сүйүнчүлөп, утушту алуу үчүн белгилүү бир суммадагы акча каражатын которууга же болбосо банктык картасынан маалымат берүүгө үндөгөндөр.

- Жакын адамдардын атын жамынуу менен телефон аркылуу кыйын акыбалга кабылганын билдирип, тез арада муктаж болуп турган акча каражатын которуп, көмөктөшүүгө чакыргандар.

"Мына ушул сыяктуу жагдайларда телефон алдамчыларына кабылып калуу ыктымалдуулугу жогору. Нарын ОИИБи алардын кылтагына түшүүдөн сактануу үчүн ар бир жаранды укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта болууга, социалдык тармактарда тарап жаткан ар кандай шектүү шилтемелерди жайылтпоого жана ар бир учурда маалыматтын аныктыгын текшерүүгө аракет жасоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары тааныш эмес номерден кандайдыр бир шек жараткан чалуу же билдирүү келип түшсө дароо "102" кызматына билдирүү керектигин белгилешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: