super.kg logo

"Коноктогонду токтоткула". Президенттин Оштогу өкүлү "чай даярда" деген текшерүү органдарын сындады

 

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов айыл өкмөттөргө текшерүү келгенде кой союп, коноктогонду токтотууга чакырды. Мындай пикирин ал Ош облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Азыр айыл өкмөттөрүн текшерүү органдары кезекке коюп алган экен. Алар текшерүүгө барарда "биз төрт-беш киши болуп келебиз. Бизге чай даярда" дейт. Анан айыл өкмөттөргө барып, союшту жейт. Эмне жейсиңер? Айыл өкмөтү ошону өз чөнтөгүнөн чыгарып жасап жатабы? Жок. Бардыгын бюджеттин эсебинен алып, ошого чай берип жатат.

Азыр ушундай чай бергенди токтотолу деген тапшырма берип жатам. Мен аны өзүмдөн баштадым. Азыр 5 районду кыдырып келдим. Бир дагы жердин союшун жеген жокмун, чайын ичкен жокмун. Эч нерсе болбой эле келдим", - деген ал.

Зиядин Жамалдинов Ош облусунун өкүлү болуп 22-июлда дайындалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.09.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Пахта койгучтар конгон адатын кыла берет.Наоборот кой сойгон жетекчилерге эки эселентип штраф салыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: