super.kg logo

"Атайын кытмырланып машина сурап жаткан го деп ойлоп албагыла". Элчи Садык Шер-Нияз самокат тепкен видеосу менен бөлүштү

 

Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз Наполеон Бонопарттын сөөгү жаткан Инвалиддер үйүнүн алдында самокат тепкен видеосу менен бөлүшүп, элчинин күндөлүгү менен тааныштырды. Тагыраагы, элчи дем алыш күнүн кандай өткөргөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

- "Баягыдай болуп машина жок болуп калса эмне кылабыз" десем, "Азамат менен Нурбек баштарын кашып "бир чечим бар урматтуу элчи" (көздөрү митайым кылтыят).
- Ал эмне метрону айтып жатасыңарбы?
- Метро кээде жакын, кээде алыс шеф андан да жакшысы бар.
- Эмне ал айтпайсыңарбы маалкатпай.
- Эми сизге ылайыкпы же...
- Азыр сөгүш аласыңар, атын айт деп жатам силерге!
- Самокат! Бирок билбейбиз сиз өздөштүрүп кете аласызбы же…
- Чечектер десе. Керек болсо ат минген кыргызга эмне болуптур. Таңгөрү!
Жумуштан чыгып баратсак, бурчта платный самокат турган экен. "Эми ат минген кыргыз деп калдыңыз эле…" дешип жыландын башын кылтыйтып жатышпайбы жубарымбектер. Видеого тартпагыла дегем, Азамат тартып алыптыр. Менин ушундай техникаларга жакындыгым бар. Бишкекте эле "бой күлүктү" (моноколесо) бош кезде өздөштүрүп алгам.
Ал эми эң негизгиси келечектин транспорту ушул деп ойлойм. Бир кезде Америкадан ойлоп табылган контейнер менен жүк ташуу системи биринчи эле жылы Америкага 50 миллиард доллар киреше алып келген дешет. Азыр Европанын бардык шаарларында самокат системи иштей баштады. Экономикасы эбегейсиз. Мен муну 4-5 жыл мурун Лос-Анжелестен көрдүм эле. Азыр Парижде самокат кадимкидей эле көрүнүш.
Бул жөн гана ой-толгоо, атайын кытмырланып машина сурап жаткан го деп ойлоп албагыла, машинабыз деле бар, жакында жаңысын алдык", - деген билдирүүсүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
20.09.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атайын эле мени тартып тургула деген видеого
20.09.2021. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жигитке 70 онор аздык кылат
21.09.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германияга 2020-жылдан баштап самокат кирген. Вируска карата автобус,трамвайларга эл тыгылбасын дешкенго.Ошондон бери эле самокат тепкендер бар. Кол телефон менен акчасын төлөмөй.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: