"Коон, дарбыз, помидор, жаңгак көп өттү". Москвада Кыргыз өлкөсүнөн ташылып барган айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү
Москванын Новогиреево районунун борборунда Кыргыз өлкөсүнөн ташылып келинген айыл чарба азыктарынын жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу "Кыргыз Конгресси" уюмунун жетекчиси Кубанычбек Кожоев маалымдайт.
Маалыматка ылайык, жарманке айыл чарба министрлиги жана Москвадагы ишкерлер тарабынан уюштурулган.
"Ала-Тоо 24" каналынын даярдаган видеоматериалына ылайык, жарманкеде өрүк, жаңгак, жер жаңгак, кургатылган жемиштер, дарбыз, коон жана башка жер-жемиштер коюлган. Келген коноктор азыктардын өзгөчө даамына таң беришүүдө. Иш-чара "Киргизия" оюн-зоок соода борборунда орун алды. 1972-жылы бул жерде ушундай аталыштагы кионотеатр ачылып, 8 жыл мурун анын ордуна оюн-зоок борбору болуп кайра курулган.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай жарманкелер алдыда жыл сайын өткөрүлмөкчү.


