Кумтөр: Акылбек Жапаров Лондондогу уюмдун чечими тууралуу билдирүү жасады
Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Лондон баалуу металлдар базарынын ассоциациясы "Кыргызалтынды" ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн статусунан ажыратуу чечимине комментарий берди. Бул боюнча пикирин ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет.
Башында биз алтыныбызды жеткирүү үчүн жаңы каналдарда иштей баштадык. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам. Нью-Йорктун соту 15-сентябрда Centerra Gold компаниясынын доо арызын караганын эстен чыгарбоо жана эске алуу керек. Сот Кумтөр кени боюнча Кыргыз өкмөтүнө айып пул салуудан баш тартты. Бул биздин туура жолдо экенибиздин дагы бир далили", - деп жазды Жапаров.
Мындан тышкары, ал ата мекендик зергерчиликти өнүктүрүүнү колдоорун, бизде бул багытта маданият жана тарых бар экенин белгиледи. Акылбек Жапаров ошондой эле "электрондук сом" долбоору азыр ишке кирүүгө даярдалып жатканын, ал биздин алтын менен бекемделерин жазды.




1 |