super.kg logo

Салык кызматы унаа салыгын убагында төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд жүргүзө баштады

 

Мамлекеттик салык кызматы ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддик иш-чара жүргүзө баштады. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Ал эми салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө карата өлкө мыйзамдарына ылайык 1000 сом өлчөмүндө айып пул каралган. Ошондой эле өз учурунда төлөнбөгөн салыктын ар бир күнү үчүн туум эсептелет.

Мындан улам салык кызматкерлери туумдун өсүп кетпеши үчүн унаа ээлерин салыкты кечиктирбей төлөөгө чакырат.

Аталган рейддик иш-чара салык төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында да жүргүзүлүп жатканы айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: