super.kg logo

Пакистандагы кыргыздардын жашаган жерлерин кыдырууну сүйлөштү. Этникалык кыргыздар элчи менен жолугушту (сүрөт)

 

Пакистанда жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү Кыргыз өлкөсүнүн Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жолугушуу 17-сентябрда орун алды.

Жолугушуунун алкагында элчи этникалык кыргыздардын эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, ошондой эле ар кандай укуктук, социалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экени тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде этникалык кыргыздардын өкүлдөрү Уланбек Тотуяевди элчи болуп дайындалышы менен куттукташып, Пакистанда Кыргыз жергесинин имиджин бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен иштерге кызыкдар экенин билдиришти.

Тараптар этникалык кыргыздардын жана көчүп кетүүнү каалагандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык иштерди жүргүзүүгө, Пакистандагы кыргыздардын жашаган жерлерине иш сапарын жакын арада уюштурууну макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: