Кочкор районунда 60 жаштан өткөн адамдын үйүнөн 5 миң даанага жакын ок табылды











Нарын облусунун Кочкор районунда "Арсенал" аталышындагы ыкчам иш-чарасы өткөрүлдү. Анда уруксат берүү системасына кирген бардык объектилердин ок атуучу курал-жарактарынын, ок-дарыларынын мыйзамдуулугу текшерилип, ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөндөрдү аныктоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор районунун 1960-жылы туулган С.Т. аттуу тургундун үйүнөн мыйзамсыз 1 даана 12-калибрдүү ок атуучу курал, 1 даана белгисиз үлгүдөгү номери жок пневматикалык тапанча жана 12-калибрдүү 525 даана, 16-калибрдүү 209 даана, 7.62-39-калибрдүү 500 даана, 7.62-51-калибрдүү 140 даана, 5.6-калибрдүү 3600 даана ок-дарылары табылып, Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү ("куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Мындан тышкары Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну Т.А. короосун бузуп жатып мыйзамсыз 1 даана 12-калибрдүү ИЖ-58 МА ок атуучу куралын таап алып, өз ыктыяры менен Кочкор РИИБине өткөрүп берген.


