Парламенттик шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
"Шайлоо процессине өз мөөнөтүндө даярдык көрүүнүн, ачык-айкын жана таза шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы республикалык штабдын төрагасы болуп бекитилди.
Республикалык штабдын тең төрагасы катары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри бекитилди.
Республикалык штабдын курамына бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирди", - деп жазылат маалыматта.


