Билим берүү министрлиги өлкөдө окуп жаткан тажик студенттери боюнча билдирүү таратты
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз өлкөсүндө окуп жаткан, окууга тапшырган жана мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандарына байланыштуу министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкканын билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз өлкөсүндөгү билим берүү уюмдарында окуп жаткан, окууга тапшырган же мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстан Республикасынын жарандарына, анын ичинде этникалык кыргыздарга Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүгө жана чыгууга, ошондой эле өлкө аймагында жүрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
"Ушул тапта буйруктун долбоору Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары менен макулдашылууда.
Тажик тарапка бул тууралуу эрте эле эскертилген", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Белгилей кетсек, 2020-2021-окуу жылында Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алган.




1 |