super.kg logo

"Өзгөчө мааниге ээ эки миңдей эстелик бар". Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун регионалдык өкүлү Криста Пиккатты кабыл алды

 

Бүгүн, 20-сентябрда президент Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча кеңсесинин (ЮНЕСКО) Кыргыз өлкөсү, Казакстан жана Тажикстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Ага ылайык, Кыргыз өлкөсү менен ЮНЕСКО ортосундагы билим берүү, илим, ошондой эле маданий мурас жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасында өлкөнүн улуттук тарыхы үчүн өзгөчө мааниге ээ эки миңдей кыймылсыз эстеликтер бар. Бүгүнкү күндө алардын төртөө ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Президент ошондой эле кыргыздын салттуу көк бөрү оюнун, тогуз коргоол же тогуз кумалак жана мангала интеллектуалдык-стратегиялык оюндарын ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине киргизүүдө Криста Пиккаттын кошкон маанилүү ролун баса белгиледи.

"Тарыхый-маданий мурас болгон объектилерди сактоо - бул мыйзамдардын жыйынын аткаруу гана эмес, тарыхтын жана маданияттын уникалдуу эстеликтерин жараткан улуу ата-бабаларыбызга таазим кылуу болуп саналат", - деген Садыр Жапаров.

Анын айтымында, учурда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине жана ЮНЕСКОнун адамзатынын материалдык эмес мурастары тизмесине Кыргыз мамлекетинин бир элементи – Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси болгон "Жибек жолу: Фергана-Сырдарыя коридору" объектиси, трансулуттук номинацияда, ошондой эле "Саймалуу-Таш: аскадагы сүрөттөр" улуттук номинацияда киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Кыргыз мамлекети үчүн бул иш-чаралар өтө маанилүү жана алар ЮНЕСКОнун колдоосуна, анын ичинде усулдук жана гранттык жардамга муктаж.

Өз кезегинде Криста Пиккат Ош облусунун Өзгөн шаарында өткөн "Өзгөн-Мунара-2021" этно-фольклордук фестивалына өзүнүн катышуусун канааттануу менен белгиледи.

Мындан сырткары ал Кыргыз өлкөсү демилгелеген “Кыргыз жараны” программасын колдоого уюм кызыкдар экенин кошумчалады.

"Бизде ата-бабалардын сиздерге өткөрүп берген маданиятты кийинки муунга жеткирүү үчүн жаштар арасында бул боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында даярдап жаткан долбоордук сунушубуз бар. Ошону менен бирге Кыргыз өлкөсүнүн ЮНЕСКОнун тизмесине жаңы объектилерди кошуу ниети ЮНЕСКОну кубандырат", - деп кошумчалады ал.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөрдүн эрип жатканына байланыштуу мөңгүлөрдү сактоо зарылдыгы тууралуу маселелерге токтолушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: