Эртең, 21-сентябрда "Түндүк электр" ишканасы "Ротор" отканасында жайгашкан трансформатордук көмөк чордондо оңдоо иштерин жүргүзөт. Буга байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 09:00дөн 18:00гө чейин бул отканага тиешелүү объектилерге ысык суу берүүнү токтотууга аргасыз болот.

Ысык суу берүү төмөнкү даректерде убактылуу токтотулат:
- Курчатов көчөсү №9/1, 109/1;
- Бакаев көчөсү №132А, 132В, 132В;
- Ахунбаев көчөсү №186/1, 186/2, 186/3, 186/4, 186/5, 190/1, 190/2;
- Грибоедов көчөсү №16А, 16В;
- Тыналиев көчөсү №1/2, 2/6, 2/7 А, 2/7 Б, 3/3, 3/4, 3/5, 3/6, 3, 7, 9, 9/1, 9 / 4, 11B, 36;
- Жал-23 кичи району, №6/1, 6/2, 15/1, 18/2, 88, 89, 90, 91, 92, 94, 98 үйлөр;
- кичи район Жал-29 №1, 2, 3, 3/3, 4, 4/1, 4/2, 5, 6, 7, 8/1, 9, 10, 11, 11В, 12, 14, 15 , 16, 38, 39, 39/1, 41, 45/2;
- кичи район Жал-30 №43.

Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.