Министрлик Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду деген маалыматты төгүндөдү
Кыргыз Республикасынын билим берүу жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган министрлик расмий билдирүү таратты.
Анда Reporter.kg маалымат агенттигинин министр Купешев Болотбек Дүйшековичке кылмыш иши козголгондугу тууралуу тараткан билдирүүсү чындыкка дал келбей турганы айтылган.
«Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду» деген маалымат чындыкка дал келбейт. «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, министрлик Reporter.kg маалымат агенттигинен чындыкка дал келбеген жана Болотбек Купешевдин ар-намысына көө жапкан билдирүүнү төгүндөөнү талап кылат", - деп жазылган билдирүүдө
Ошондой эле, министрлик редакцияны жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан кармануунуга чакырган.
Эске салсак, буга чейин министр Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат тараган.


