super.kg logo

Бишкекте жумушсуз жарандарга ар кайсы тармактагы бош орундар тууралуу маалымат берилет

 
Бишкекте 23-сентябрда "Чоңдор үчүн билим жана вакансия жарманкеси" өткөрүлөт. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, иш-чара "Ала-Тоо" аянтында саат 13:00дө башталат.
Иш-чараны өткөрүүнүн максаты - калкты окутуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, алардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү.
"Бош орундар жарманкеси жарандарды ишке орноштуруудагы куралдарынын бири, жумуш берүүчүлөр жана жумуш издөөчүлөр менен жолугушуу аянты. "Чоңдор үчүн билим жана вакансия жарманкесине" жумуш берүүчүлөр, кесиптик лицейлер, жеке билим берүү борборлору жана өкмөттүк эмес уюмдар катышат.
Жумуш берүүчүлөр бош орундар тууралуу кабардар кылып, иш издөөчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ишке орноштуруу кызматынын кызматкерлери Бишкекте ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча үч миңге жакын бош орундарды, ошондой эле республиканын бардык региондорундагы 1000ге жакын бош орундарды көрсөтүшөт. Жарандар жумушка орношууга жардам берүү жаатындагы кызматтар боюнча консультация алышат (жумушка орношууга жардам берүү, кесипке үйрөтүү, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар жана башка).
Бишкектеги кесипкөй лицейлер, жеке билим берүү борборлору көргөзмө өткөрүп, өздөрүнүн продукцияларын татып көрүүгө коюшат. Борбор калаадагы №13, 24, 68, 69 пилоттук мектептеринин 9-классынын окуучулары үчүн кесипке багыттоо иш-чаралары (чеберчиликти текшерүү, кесипке багыттоо оюндары, викториналар) өткөрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Сурооолор боюнча 0502 222 982 (Гүлдана", (0312) 64 16 87, 65 68 38 номерлерине байланышсаңыздар болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: