Руслан Казакбаев Нью-Йоркто. Ал терракттардын курмандыктарынын эстелигине гүл койду



Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деӊгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу максатында Нью-Йорк шаарында жүрүп жаткан иш сапарынын алкагында 11-сентябрдагы терракттардын 20 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасына катышты. Мындай маалыматты бүгүн, 21-сентябрда Тышкы иштер министрлиги таратты.
Ага ылайык, иш-чара БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронков жана 11-сентябрь Мемориалы жана Музейинин директору Элис Гринвальд чыгып сөз сүйлөшкөндөн соӊ, террактын курмандыктарына гүл коюу аземи өткөрүлдү.
"Иш-чарага Австрия, Кипр, Босния жана Герцеговина, Литва жана башка мамлекеттердин президенттери, ошондой эле 30 өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышышты.
Ошол эле күнү министр Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышына катышты. Салтанаттуу аземге Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, ошондой эле башка өлкөлөрдүн делегацияларынын башчылары катышты.
Аземдин жүрүшүндө дүйнөдө теңчилик, өз ара пайдалуулук, туруктуу өнүгүү жана ачыктык менен мүнөздөлгөн көп кырдуу жана көп баскычтуу глобалдык кызматташуу чөйрөсүн куруунун маанилүүлүгү белгиленди", - деп жазылат маалыматта.


