super.kg logo

Жол кире тарифинин төмөн болушуна байланыштуу маршруттук таксилердин айдоочулары иштен кетип жатат

 

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире акысы төмөн болгондугуна байланыштуу маршруттук таксинин айдоочулары иштен кетип жатышат. Бул туурасында транспорт маселелери боюнча вице-мэр Русланбек Акылбеков Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.

"Учурдагы тариф менен иштөө айдоочулар үчүн пайдасыз. Жайында микроавтобустар азайып кеткенин байкаган чыгарсыздар. Алар Ысык-Көлгө, тоолорго барышат. Аларды жеке мектептер жалдашат. Бул кызматтар алар үчүн алда канча пайдалуу.

Муниципалитетти жүргүнчү ташуучулардын иштөөсүнө уруксат бербейт деп айыпташууда. Бирок мен аларга көп жылдардан бери иштеп келе жаткан базарды бербөө үчүн кызматташууну, автобустарды сатып алууну сунуштадым. Бирок жооп жок. "Шыдыр жол" ишканасы бар, бул ишкананын линиясында 14 автобус болушу керек, бирок 10-11 автобус эле каттап жатат, анткени айдоочуларга пайдасыз", - деди ал.

Вице-мэр кошумчалагандай, мэрия транспорт тармагына инвесторлорду тартуунун үстүндө иштеп жатат. "Биз аутсорсинг менен рыноктун 60 пайызын жабууну каалайбыз. "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" менен 1000 автобус, "reen Bus" ишканасы менен 350 автобус жеткирүү боюнча келишим түздүк", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксинин айдоочулары жол кире тарифин жогорулатуу талабын коюп, каттамга чыкпай коюшкан. Борбор калаада троллейбустар, автобустар, ошондой эле №131 жана №227 линиясындагы муниципалдык маршруттук таксилер гана иш алып барып жатышкан. 4-июнда айрым маршруттук каттамдар жанданган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
21.09.2021. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алар сезон бүткөндөн кийин кайра эле чыгышат каргадай болушуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: