super.kg logo

Борбордо бүгүн, 6-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата республикалык күзгү көргөзмө ачылат

 
Бишкекте Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде бүгүн, 6-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата республикалык күзгү көргөзмөнүн ачылышы болот. Анда жазуучунун чыгармачылыгына кайрылган кол өнөрчүлөрдүн, графика, живопись, сүрөт искусствосунун чеберлеринин эмгектери коюлат. "Заманбап үлгүдө жасалган чыгармалар да бар, бирок СССРдин көркөм сүрөт мектебинен билим алгандардын эмгектери басымдуулук кылат. Көргөзмөнү эки бөлүккө бөлүүгө болот. Биринчисинде Айтматовдун чыгармаларына түз кайрылуу болсо, экинчиси жазуучунун философиялык ой- толгоолорун чагылдыруу. Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматовдун ааламын кабыл алуудагы өзгөчөлүктөрдү байкоого болот. Жазуучунун чыгармачылыгынан эргүү алган скульптор, живописчи – Лидия Ильина, Тургунбай Садыков, Аркадий Осташев, Белек Жумабаев, Владимир Буторин, Рифкат Бухарметовдун  жана башкалардын эмгектери көрсөтүлөт” дейт уюштуруучулар. Көргөзмө 6 –ноябрдан 20-ноябрга чейин уланат. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр кеңешинин лауреаты аныкталат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: