Дыйкандарга түшүмдүүлүгү жогору үрөндөрдү алуу үчүн 2 пайыздык чен менен насыя берилмей болду
Экономика жана каржы министрлиги дыйкандарга түшүмдүүлүгү жогору сорттогу үрөндөрдү алуу үчүн насыя берет. Аталган министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстан менен 1 миң тонна "Аср" жана "Давр" сортторундагы күздүк буудайдын уругун алуу боюнча келишим түзүлдү. Анын ичинде 50 тонна супер элита үрөнү, 370 тонна элиталык үрөн жана 580 тонна биринчи репродукция үрөнү.
"Президенттин региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 15-сентябрга чейин үрөнчүлүк чарбаларынан жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн күздүк буудайдын үрөндөрүн алуу боюнча арыздарды кабыл алууну уюштурушту.
Буга байланыштуу Айыл чарба министрлигинин белгилүү бир квотасына ылайык, Экономика министрлиги дыйкандар менен насыялык келишимдерди жана күрөө келишимдерин түзүүнү пландап жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Берилүүчү насыянын шарттары:
- субъект төлөөгө жөндөмдүүлүк талаптарына жооп бериши керек, мурда берилген бюджеттик ссудалар боюнча салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды, бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча карыз алуучунун мөөнөтү өткөн карыздары жок болушу керек;
- жылдык пайыздык чен 2 пайызды түзөт;
- эгер төлөмдөр кечиктирилсе (айып) жылдык 4 пайыз өлчөмүндө белгиленген;
- региондордогу чарбалар үчүн бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү 2022-жылдын 1-сентябрына чейин, ал эми тоолуу аймактарда 2022-жылдын 15-сентябрына чейин.




1 |