1 миллион 400 миң сомго блогерлерди жалдоо боюнча министрликтин түшүндүрмөсү
Буга чейин республикалык иммундук профилактика борбору полиомиелитке каршы вакцина менен эмдөөнү социалдык тармактар жана пабликтер аркылуу коомчулукка жайылтуу үчүн блогерлерди 1 миллион 400 миң сомго жалдай турганы кабарланган. Талкууга алынган маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирүү жасады.
Белгилүү болгондой, иммундук профилактика борбору ушул жылдын 20-сентябрында эмдөө жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянстын (GAVI) долбоорунун алкагында полиомиелитке каршы вакцинаны (IPV) алуунун маанилүүлүгүн жайылтуу боюнча тендер жарыялаган.
"Тендерге ылайык, жок дегенде бир жолу сүрөт, видео тартуу, 1 жылдык мөөнөткө келишимди (сатып алуучу уюмдун талабы боюнча 12 айдын ичинде) түзүү пландаштырылууда. Келишимде вакцинациялоо иши, ошондой эле жарнамаларды жасоо, медиага таасир эткен адамдар менен түз берүүлөрдү алып баруу каралган. 2021-жылдын 30-августунда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 21-берененин 3-пунктуна ылайык, сатып алуучу уюм ар бир берене боюнча түздөн-түз корутунду ыкмасы менен 5 миллион сомго чейин сатып алууларды жүргүзө ала тургандыгы жазылган", - дейт борюлордун директору Гүлбара Ишенапысова.






1 |