Ачкачылыкты улантып жаткан Алмаз Сарыбаевге эки ирет "Тез жардам" кызматы чакыртылган
Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев ачкачылыкты 6 күндөн бери улантып жатат. Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, учурда анын абалы канааттандырарлык.
"Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүдө Алмаз Сарыбаев кылмыш ишинин мыйзамсыз козголушуна нааразы болуп, 15-сентябрдан бери ачкачылык жарыялагандыгын билдирди. Бул тууралуу кармалган адам убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине 17-сентябрда маалымдаган.
Бүгүнкү күндө Сарыбаевдин жалпы абалы канааттандырарлык. Анын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн убактылуу кармоочу жайга эки ирет "Тез жардам" кызматы чакыртылган", - деп белгилешти улуттук борбордон.
Белгилей кетсек, "Толубай" коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылганга шектелип кармалган. 16-сентябрда шаардын Биринчи Май райондук соту шектүүнү эки айга камакка алган. 14 күндүк карантинден өткөндөн кийин, ал Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторуна которулушу күтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Zumrudianka

22.09.2021. 07:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул киши куда соок кутуп калган чоон эле киши экен уялбастан митаам катынчасынан онор корсотуп ататко. Ой ким коркот ачка калса, революция уюштуруп бейкуноо кан токкунунчо ошол жерде ачка калмак тугул кал чыкпай кан толпой тор артында жата бер шумшук чала эркек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.