super.kg logo

Алматыда 5 адамдын өмүрүн алган ок атуу: Каза болгон полиция кызматкерлеринин биринин артында 5 баласы калды

 
Дархан Сулеев
Нурбол Байгазиев

Коңшу Казакстандын Алматы шаарындагы ок атуудан каза болгон эки полиция кызматкери Дархан Сулеевдин артында беш баласы калды. Бул тууралуу шаардык полиция башкармалыгынын башчысы Канат Таймерденов брифингде билдирген.

"Дархан Сулеев бизде 2003-жылдан бери иштейт. Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүргөн. Анын артында беш баласы калды. Экинчи полиция кызматкери Нурбол Байгазиев. Анын эки баласы калды. Ал полицияда 2014-жылдан бери иштейт. Экөө тең Акбулак кичи районундагы аймакты тейлейт. Кызматта алар оң жагы менен бааланган, бир нече жолу шыктандырылган, социалдык тармактардагы баракчаларда калктан оң пикирлер болгон, эч кандай даттануулар болгон эмес", - деген Таймерденов.

Канат Таймерденов ошондой эле алардын жанында кызматтык курал болгонун, бирок колдонбогонун айткан. Алардын мындай аракетинин себебин ведомстволор аралык комиссия тактайт. Бирок полиция башчысы алар үйдөгү башка жарандардын, анын ичинде балдардын коопсуздугу үчүн курал колдонгон эмес деп божомолдогон.

Эске салсак, 20-сентябрда саат 17:00 чамасында Алматынын Алатау районундагы Акбулак кичи районунда жеке үйлөрдүн бирин көчүрүү боюнча соттун чечимин аткаруу учурунда 1967-жылы туулган үйдүн жашоочусу агрессия көрсөтүп, полиция кызматкерлерине, Өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлерине ок чыгарган. Анын кесепетинен эки полиция кызматкери, соттун өкүмүн аткаруучу жана эки тургун, анын ичинде үйдүн жаңы кожоюну каза болгон. Кылмышкер үйдө аялдар жана балдар болгон үчүн курал колдонулбастан атайын күчтөрдүн катышуусу менен кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
22.09.2021. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илибой эле адам атмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: