Бир бош жумуш ордуна 26 адам. 1-сентябрга карата өлкөдө расмий катталган жумушсуздардын саны 80 миңден ашты (статистика)
Кыргыз өлкөсүндө 2021-жылдын 1-сентябрь айына карата расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 3,1 пайызды түздү. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматта айтылгандай, иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 104 миң 800 адамды түзгөн. Ал эми расмий катталган жумушсуздардын саны 80 миң 560 адам.
2021-жылдын 1-сентябрына карата бош орундардын саны 12 миң 763 бирдикти түзгөн, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук болгон. Ошондой эле 1-сентябрга карата 3993 жумуш орду суроо-талапка ээ болбой калган жана 26 адам бир бош жумуш орду үчүн кайрылган.
Иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылган жарандардын саны 106 миң 540 адамды түздү. Алардын ичинен эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча консультацияларды 70 миң 916 адам алган. Отчёттук мезгилде жумушсуздук боюнча жөлөк пул 248 жумушсуз жаранга дайындалган.
"Отчёттук мезгилде иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 8 551 жумушсуз жаран ишке орноштурулган. Мындан тышкары ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү эмгек рыногунда жигердүү чараларды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмгек рыногунун белгилүү бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, 2021-жылдын 1-сентябрь айына карата иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 5 071 адам жөнөтүлгөн.
2021-жылдын 1-сентябрына карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 10 миң 173 адам жөнөтүлгөн. Ошондой эле эмгек рыногунда активдүү чаралар менен (коомдук акы төлөнүүчү жумуштар, кесиптик окутуу) 15 миң 244 жумушсуз камтылган. Жумушсуздук боюнча 207 жумушсуз жаран жөлөк пул алып жатышат", - деп жазылат маалыматта.
кошулду



Баса, Россияга авиакаттамдар мурункудай эркин ишке ашып ошончо самолет учуп жатат. А бирок авиабилеттердин баалары илгерки ордуна кайтпады да? Мисалы Россияда башка олколорго билеттер илгеркидей эле, коп озгоруу жок. Бирок бизде кымбат. 2 жыл илгери Кыргызстандан Москвага билет баасы 10-15 мин сом болсо, бугун 30-40 мин сом. Эмнеге кымбат?!