super.kg logo

Кечээ, 5-ноябрда Бишкекте “Кылым карыткан кыргыз басма сөзүнө 100 жыл” аттуу китеп көргөзмөсү болуп өттү

 
Тайырбек Сарпашев басма сөз күнү менен куттуктап, журналисттерге: "Сиздер коомго пикир жаратуучу адамсыздар, кыскасын айтканда журналисттерди коомдун архитекторлору деп айтсак да болот”,-деди
Баткен областынын Лейлек районунан жумасына бир жолу 2500 нускада “Ата-Журт” газетасы чыгат. Көргөзмө учурунда аталган гезиттин редактору Абдилат Дооровго КРнын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ош шаарына типография ачып берүүнү убада кылды

Кечээ, 5-ноябрда маалымат жана басма сөз күнүнө карата Бишкектеги Улуттук китепканада  “Кылым карыткан кыргыз басма сөзүнө 100 жыл” аттуу китеп көргөзмөсү болуп өттү. Ошо менен катар ММК  менен эксперттердин катышуусунда  “Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары: маселелер жана өнүгүү келечектери” деген темада тегерек стол да өттү.

 Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана маданият министри уюштурду.  Иш-чарага ЖКнын депутаттары, президенттин  аппаратынын, Өкмөттүн аппаратынын, министрлик менен мекемелердин өкүлдөрү, белгилүү коомдук ишмерлер, ММК өкүлдөрү  катышты. Көргөзмөнү вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана КРнын маданият, маалымат жана туризм  министринин орун басары Айнура Темирбекова ачып берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: