Кеминде киши колдуу каза болгон 16 жаштагы кыздын апасы сот отурумуна нааразы болду
Бүгүн, 21-сентябрда Кемин райондук сотунда киши колдуу каза болгон 16 жаштагы мектеп окуучусу Ольга Хабарованын өлүмү боюнча алдын ала сот отуруму өттү. Анда Ольганын апасы Лилия Хабарованын расмий өкүлү Наталья Дубининанын айтымында, алар соттук процесске нааразы.
"21-июнда Кеминде 16 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бүгүн андан бери туура төрт ай өттү. Бирок тергөөдө өлүкканадан эксперттердин корутундусун орус тилинде окуганыма карабай, тергөө кыргыз тилинде жүргүзүлүүдө. Ал эми кыздын апасы кыргызча сүйлөбөйт.
Процессти биз эч нерсени түшүнбөй тургандай кылып өткөрүштү.
Мындан тышкары мыйзамда өспүрүмдөрдү өлтүргөн же зордуктагандарды өмүр бою эркинен ажыратууга өзгөртүүнү суранат элем", - деди Дубинина.
Окуянын чоо-жайы:
21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмыш ишине шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.




1 |