Бишкектик спортчу каратэ боюнча жаштар арасындагы Дүйнөлүк лигада 3-орунда камсыздады
Бишкектик спортчу Даниэл Худайбердиев Стамбулда өткөн Бүткүл дүйнөлүк каратэ WKF лигасында 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мэриянын маалыматына ылайык, сынакка 57 өлкөдөн 900гө жакын катышуучу, үч жаш категориясында: 12-13, 14-15 жана 16-17 жаштагылар катышты.
Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу Октябрь районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу Даниэл Худайбердиев 14-15 жаш арасында 52 килограмм салмакта чыгып, 3-орунду ээледи. Спортчунун жеке машыктыруучусу - Дмитрий Казанов.
Автор: Айжанар Рыспек кызыФото: Бишкек шаардык мэриясы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.