super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Оштогу мектептердин биринде бир партада 3-4төн окуучу отуруп окуп жатат" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош шаарынын жашоочусу кайрылды. Анда ал кызы окуган мектепте бир партада 3-4төн окуучу отуруп билим алып жатканын айтып нааразы болду.

"Мен Ош шаарында жашайм. Кызым Зайнабидинов көчөсүндө жайгашкан №7 Н.Нариманов мектебинде 3-класста окуйт. Бир партада 3-4төн отуруп окушат. Классында 47 бала бар. Ар кайсы жактан балдарды ала берип класска батышпайт. Балдарыбыз дагы жакшы билим алышса.

Бул мектепти кайсы мекеме текшере алат? Балдарыбызга татыктуу билим керек", - деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
21.09.2021. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бийликте сабатсыз "колхоздор" отургандан улам койгойлор чечилбей келет. Ар бир тармакта миллиондон койгой бар. Мисалы билим беруу министрлиги олкодо мектеп, бала бакчалардын саны жетиштуубу, кайсы айылда, кайсы шаарда канча окуучу билим алат, канча мектеп бар, ар бир класста канчадан окуучу билим алып жатат, мугалимдер жетиштуубу, китептер менен толук камсыз болгонбу, мына ошолордун баарын козомолго алуусу керек болуучу... Тилекке каршы министрликте да "колхоздор" иштейт.
21.09.2021. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мисалы Бишкек баш болуп коп шаарларда бир класста окуучулар саны 40-50дон болгон фактылар толтура. Мындайда билим беруунун сапаты томондойт. Мугалим ошончо окуучуга сабакты тушундуруп, аларды текшерип улгурбойт. Элдин саны осуп жатканынан министрликтин катары жок. Мектептер аздыгынан класстарда окуучулар коп болууда. Негизи бир класста 20-25 окуучу билим алуусу керек. Бул койгой шаарларда эле эмес, элетте да бар. Ата-энелер балдарын биринчи класска бере албай келет, орун жок.
Antiradikal3 түзөттү 2021-09-21 22:00:00
21.09.2021. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны баары билет. Ошол эле чиновники частный школдорду ачып коюшкан, ошол жака барып акча толоп окутушсун дешет.
21.09.2021. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биз Ош шаарына жакын жашаган айылдабыз, айылдагы мектепке балдарын беришпей орусча уйронсун деп атайын ошол Нариманов мектебине алып барып окутушат ата- энелер, бир класста 40,50 окуучу болсо да кайыл болушуп.
22.09.2021. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан 20 жыл мурун кызым окуган класста да 4төн отурушат эле, дагы эле ошол бойдон экен да. Ал Школа им.Кировада окуган эле. Класстын ичи сасып кетет болчу. Дагы эле өзгөрбөптүр да, горОНО билип туруп көздөрүн жууп коюшат, болбосо өздөрүнүн балдары да бар ичинде.
22.09.2021. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Навоиде да 3 тон отурат,35 окуучу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: