Бишкекте эл аралык "Үмүт" кино форуму башталды





Өлкөдө эл аралык "Үмүт" кино форуму башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тогузунчу ирет өтүп жаткан бул кино форум СССРдин Эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналды.
Форумдун ачылышына конок катары Франциянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Франсуа Делус, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Айтурган Темирова, Гульсара Ажибекова, коомдук-маданий ишмерлер жана кыргыз киноиндустриясынын жоон тобу катышты.
"Ачылыш салтанатта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.
Анда ал жаңы режиссёрлорду алып чыгуу , таланттуу жаштарды колдоо, жалпы эле кинематография жана маданият жаатында КМШ өлкөлөрүнүн диалогунун өнүгүшүнө шарт түзүү максатында өткөрүлгөн эл аралык "Үмүт" форуму жыл сайын Кыргыз өлкөсүндө өтүп, арышы кеңейип жаткандыгына токтолду.
Ошондой эле ар бир катышуучуга чыгармачылык ийгилик жана эргүү каалоо менен салтка айланып өтүп келген форум жаңы ысымдарды алып чыгып, кино жаратмандардын чыгармачылык жолу байсалдуу болуусун каалады".
Фестивалдын программасы боюнча расмий ачылыштын алкагында абройлуу эл аралык кинофестивалдардын катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлдү. Бул жылы франциялык режиссёрлор Лорье Фурне менен Арно Альберолланын "Адмирал Чумаков" тасмасы көрүүчүлөргө тартууланды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кино форумга Орусия, Молдова, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Азербайжан, Бельгия жана Франциядан келген жаш режиссёрлор катышат. Форум 24-сентябрда жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.