Ошто бизнес чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөр талкууланды






Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнүнүн алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардын ишкерлери жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Ага ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы ишкерлерди майрамы менен куттуктап, муниципалитеттин ишинин артыкчылыктуу багыттары бизнес чөйрөсү менен өз ара аракетти күчөтүү менен ачык-айкын багыттарда кызматташуу экендигин билдирди.
Иш-чаранын алкагында ишкерлердин курч көйгөйлөрү боюнча пикир алмашышты. Ош шаарынын мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүнө ар дайым жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Жолугушууда ишкерлер тарабынан салык төлөмдөрү боюнча жеңилдиктерди кароо, кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу, бизнес баштоодогу уруксат кагаздарды электрондук форматка өткөрүү, шарттарды түзүү жөнүндө сунуштар, суроолор айтылып, айрымдары жеринен жооп алышты. Айрым маселелер боюнча мэр жеке көзөмөлгө алып, чечүү жолдоруна убакыт талап кылынарын билдирди.
Иш-чаранын жыйынтыгында, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгы тарабынан шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар ишкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.