Садыр Жапаров эл аралык автоунаа жолдорун кеңейтүү тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда айтты
Президент Садыр Жапаров "Үмүт аркылуу туруктуулукту жогорулатуу - COVID-19дан кийинки кайра жаралуу, туруктуу калыбына келүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адам укуктарын сыйлоо жана Бириккен улуттар уюмунун ишин активдештирүү" темасына арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент өлкө Кытай-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан темир жол магистралынын курулуш долбооруна катышып жатканын айтты.
"Борбор Азия мамлекеттери географиялык жайгашуусунан улам илгертен эле Улуу Жибек Жолунан азыркы күнгө чейин чыгыш-батыш, түндүк-түштүк каттамдарын байланыштырган көпүрө болуп келет. Биздин регион деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгонуна карабастан, ишенимдүү түрдө дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айланууда.
Борбор Азия өлкөлөрүндө эл аралык автоунаа жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.
Өз кезегинде Кыргыз өлкөсү эл аралык транспорттук артериянын бир бөлүгү болгон жол-транспорт инфратүзүмүн активдүү өнүктүрүүдө. Атап айтканда, жакын арада түндүк-түштүк жаңы альтернативдүү автомагистралынын курулушу аяктайт.
Биз ошондой эле Кытай-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан темир жол магистралынын курулуш долбооруна катышуудабыз жана Евразиялык темир жол инфратүзүмүн модернизациялоону колдойбуз. Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык бирлик өлкөлөрүнүн, Борбордук Азия, Кытай Эл Республикасы жана Европа бирлиги ортосундагы транзиттик жүктөрдү Карачи, Бендер-Аббас жана Кара деңиз портторуна өз мөөнөтүндө жана алгылыктуу баада жеткирүүнү камсыздай алат. Эл аралык логистикалык бизнести көп пландуу кызматташтыкка, анын ичинде мультимодалдык ташуу тармагында дагы кызматташууга чакырам", - деген кайрылууда президент.


