super.kg logo

"22 жашта болчумун, көз айнегим күлгүн түстө эле". Жибек Каракеева "Тазалыктын" маалымат катчысы кызматынан кеткенин айтып чыкты

 

"Тазалык" муниципалдык кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Аны менен катар эле аталган ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева дагы жумуштан кетти. Ал социалдык тармактагы баракчасына мындан ары "Тазалыкта" иштебей турганын, мекемеге 22 жашында келгенин белгиледи.

"Бул менин биринчи расмий жумушум. Жумушка барган биринчи күнүм эсимде, 2ГИС тиркемесин иштетип алып келдим. Кичи автобуска отурдум, жаңылбаш үчүн даректи алдын ала Гуглдан карадым, Рыспек Сарпашовдун сырткы келбети кандай экенин карап алдым. 22 жашта болчумун. Көз айнегим күлгүн эле, балким кимдир бирөө аларды эстейт (айтмакчы, көз айнегим дагы эле бар). Биринчи күнү мага "Тазалык" баракчасын ачып, аны иштетип кетүүмдү айтышты. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын баракчасы ушинтип пайда болгон. Башында эки гана катталуучу болгон, ал менин жетекчим жана Эркинбек Исаков (ошол кезде турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр).

Анда мен эмнени, кантип кыларымды билген эмесмин. Мен баракчаны жөн эле күндөлүк катары алып кетүүнү, биздин иштер тууралуу жөнөкөй сөздөр менен айтып берүүнү чечтим. Күн сайын ар бир постко Эркин Күмөновичтен бирден лайк алдым. Кийинчерээк мекеменин баракчасы тууралуу адамдар көбүрөөк биле баштады жана азыр 6 миңге жакын жандуу катталуучу бар.

Арадан 4 жыл өттү. Жок, бул убакыттар өткөн жок, учту. Кечээ гана башталгандай сезим болуп жатат. "Тазалык" бул жөн эле жумуш эмес, бул жашоонун мектеби. Көптөгөн жаңы таанышуулар, жумуштан жана адамдар менен баарлашуудан чоң тажрыйба алуу, стресске туруштук берүү, өзүн кармай билүү, бир жерде багынуу, кээде кадам таштоо... Баштан өткөн нерселерди тизмектесе чексиз.

Мен иштешкен бардык адамдарга, биз менен байланышкан бардык шаардыктарга рахмат айткым келет жана биз тургундарга кандайдыр бир деңгээлде жардам бере алдык.

Рыспек Анакович, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк бергениңиз, жетекчилигиңиз, кеңешиңиз жана колдооңуз үчүн рахмат. Мен сизди ар дайым эстейм. Коштошуп жатканда “Ар дайым ушундай бол. Эч качан жеңилбе" дедиңиз. Ушундай гана болот. Убада.

"Тазалык" - бул жөн эле ишкана же мэриянын түзүмү эмес. Бул чоң жана ынтымактуу үй-бүлө, шаарыбызды таза жана жарык кылган жөнөкөй жана ак көңүл адамдардан турат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, "Тазалык" муниципалдык кызматынын директору Рыспек Сарпашев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын милдетин убактылуу аткаруу Айдар Дыйканбаевге жүктөлдү.

Рыспек Сарпашев бул кызматка 2019-жылдын октябрь айында дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.09.2021. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул ким,белгилуу адамбы?
22.09.2021. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
О су болсоң шеф менен чогуу кетесиң да
22.09.2021. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таасирлуу жазыптыр, тазалык деген созду укканда бир гана жашыл форма ойго келчу эле. Бир аз да болсо тазалыктын ички дуйносун тушунгондой болдум.
22.09.2021. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйын блогер кыз, далайлар сүйдүү и "Тазалыктын" баркын көтөрдүү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: