Садыр Жапаров: "Кыргыз өлкөсүндө абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар"



“Кыргыз өлкөсүндө абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү деңгээлде кам көргөндүн ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар”, - деди президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда. Бул тууралуу президенттик апдминистрациядан билдиришти.
Ал улуттук мыйзамдарга ылайык, кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп жатканын, ошону менен бирге зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандылар менен калдыктарды утилдештирүү сыяктуу экологиялык кесепеттерди өздөрү чечүүгө аргасыз болгонун өзгөчө белгиледи.
"Отуз жыл бою Кыргыз өлкөсүндөгү туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин чечүү үчүн эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү илгерилетип келет.
Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жыл "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыяланган, ошол эле жылы Бишкекте биринчи Глобалдык тоо саммити, ал эми 2018-жылы төртүнчү Дүйнөлүк тоо форуму өткөрүлгөн.
БУУнун Башкы ассамблеясынын учурдагы сессиясында "Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунан" биз 2022-жылды кайрадан Эл аралык тоолор жылы деп жарыялоону, Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы "Бишкек+25" Глобалдык саммитин чакырууну демилгелейбиз", - деди Садыр Жапаров.


