Бишкекте коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча ыкчам борбор ачылды
Коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча биринчи операциялык борбор ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы ачылган борбор калктын ден соолугуна байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо үчүн иштелип чыккан. Мындай борборлор "оперативдик борборлор", "кырдаалдык борборлор" жана "командалык пункттар" деп да аталат, өзгөчө кырдаал учурунда натыйжалуу чара көрүү үчүн стратегиялык координацияны, өз учурундагы маалымат алмашууну жана талдоону камсыз кылат.
"USAID жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму борборду жабдууга, анын ичинде керектүү жабдууларды сатып алуу жана атайын маалымат тутумун - интеграцияланган эпидемиологиялык платформаны иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшүүнү күчөтүү максатында кызматкерлерди окутууга жардам көрсөтүшкөн", - деп жазылат маалыматта.


