super.kg logo

Манасчы Салимбай Турсунбаев 62 жашында дүйнө салды

 

Манасчы Салимбай Турсунбаев 62 жашында дүйнө салды. Бул туурасында маркумдун шакирттери кабарлашат. Белгилүү болгондой, манасчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 23-сентябрда Кара-Көл шаарында өтөт.

Өмүр баяны:

Салимбай Турсунбаев 1959-жылы Токтогул районунун Кайырма айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча энергетик.

Атасы Орозбай "Манасты" жорго сөз менен сабалатып айткан чоң төкмө болгон. Ушундан улам Салимбай атасынан Манас жөнүндө көп угуп, шыгы эртелеп ойгонот.

Болочок манасчы 7-класста окуп жүргөндө көпчүлүк манасчылар сыяктуу эле түш көрүп, "Манас" айта баштаган. Жалпыга жарыя кылгысы келбеген кайсы бир кырсыктан улам анын "Манас" айтуусуна таенеси караманча тыюу салат. Ичинде буркан-шаркан түшкөн күч жайына койбой, эми Салимбай эл жок, ээн жерлерде "Манас" айтып, аз да болсо бугун чыгарып жүрөт. Калган бугун ыр жазуудан чыгарат, жамактатып ырдап да жүрөт. Акыры 1986-жылы манасчылыгын ачыкка чыгарып, жалпы журттун алдында "Манас" айтат.

1992-жылы залкар манасчы Орозбак уулу Сагымбайдын 125 жылдык мааракесине арналган республикалык манасчылардын мелдешинде 3-орунга ээ болот;

1994-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата "Манас-1000" дирекциясы тарабынан өткөрүлгөн республикалык манасчылардын кароо-сынагында 1-орунга ээ болот;

1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык салтанатына карата өткөрүлгөн эл аралык манасчылардын кароо-сынагында 3-орунга ээ болот;

2004-жылы Талас жергесинде өткөн манасчы Назар Кайыптын 230 жылдык мааракесине арналган манасчылар таймашында 1-орунга ээ болот.

Манасчы Турсунбаев Салимбай ар убак изденүүнүн үстүндө жүргөн инсан. Ал жаңылык катары улуу баяндын "Чоң казат" темасы боюнча 6000 сап ырдан турган өзүнүн вариантын иштеп чыккан. Анын айтуусунда Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын "Алтын казынасына" "Манас" эпосунун ар кайсы эпизоддору жазылып алынган.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчилиги тарабынан "Кыргыз тилине кошкон салымы үчүн" мамлекеттик деңгээлдеги диплом менен сыйланган.

Турсунбаев Салимбай Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашап, энергетика адистиги боюнча Токтогул ГЭСиндеги Каскадда эмгектенип жүргөн. Мындан тышкары Кара-Көл шаардык маданият үйүнүн усул бөлүмүндө башкы усулчу, "Балдардын атайын билим берүү борборунда" "Манас сабагы" боюнча мугалим болуп талыбай эмгектенип, артынан шакирт ээрчитип, жаш манасчыларды таптап келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Турсунбаев Салимбаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.09.2021. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайырлуу болсун. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп бейиштин торунон жай алсын...... Оомин.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: