Улукбек Марипов 2022-жылды Кыргыз өлкөсү жана Сауд Арабия элдеринин ортосундагы достук жылы катары жарыялоону сунуштады
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Сауд Арабиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ибрахим Аль Радини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Улукбек Марипов белгилегендей, Кыргыз өлкөсү Сауд Арабия менен келечекте ырааттуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, ошондой эле өлкө башчы Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарына карата даярдыктар тууралуу маалымат берди", - деп жазылат билдирүүдө.
Улукбек Марипов билдиргендей, келерки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толот жана 2022-жылды Кыргыз өлкөсү жана Сауд Арабия элдеринин ортосундагы достук жылы катары жарыялоону сунуштады. Анын алкагында экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар кыл иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Элчи Ибрахим Аль Ради министрлер кабинетинин башчысынын демилгесин колдоого алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.




1 |