super.kg logo

"Сүйүнчү акчасын бергенге чейин дарыгерлер кызымды карабай коюшкан" дейт төрөттөн кийин көз жумган келиндин апасы

 

Бибигүл Равшанбек кызы 22 жашында төрөттөн кийин каза болду. Анын артында 4 кызы калды. Күйүттөн көз жашы токтобой жаткан апасы күлгүндөй курактагы кызынын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болду дейт.

Айтымында, төрөттөн кийин кызынын дене табы көтөрүлүп жатса да үйгө чыгарып жиберишкен.

"Мындан туура 3 жарым ай мурун кызымдын толгоосу келип №6 төрөтканага барганбыз. Ал жактан жакшы эле көз жарып, андан кийин эле арадан 2 күн өтпөй кызым күйөө балама телефон чалып "мени алып кетиңизчи бул жактагы дарыгерлер карабай жатат" десе, күйөө балам "эгер дарыгерлер алып кет десе анан алып кетем. Себеби төрөттөн кийин чыгарып алып келсем кыйналып каласыңбы деп жатам" деп сүйлөшүптүр.

Бирок кызым болбой эле алып кетиңизчи дегенинен улам күйөө балам төрөтканага барса, кызымды чыгарып коюшуптур. Эмнеге чыгарып койгонун жубайынан сураса, жаңы төрөлгөн наристенин сүйүнчүсүн бербей койгону үчүн чыгарганын айткан.

Анын үстүнө кызымдын дене табы көтөрүлүп жатса да үйгө чыгарып жиберишиптир дейт", - маркум Бибигүл Равшанбек кызынын апасы Бурул Бегимкулова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: