Тышкы иштер министрлиги парламенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди каттоодон өткөрүүдө
Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоону чагылдырууга катышуу үчүн чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациядан өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоону чагылдырууга катышууну каалаган чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин "press@mfa.gov.kg" электрондук почтасына "Шайлоо-2021" деген белги менен төмөндө көрсөтүлгөн документтердин тизмесин жөнөтүүсү зарыл.
- Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисинин кол тамгасы менен жалпыга маалымдоо каражатынын расмий бланкына жазылган кат (жөнөтүлүп жаткан кабарчылардын, техникалык кызматкерлердин аты-жөнү, аккредитациялоо мөөнөтү жана максаты).
- Көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаты жөнүндө маалымат.
- Толтурулган анкета формасы.
- Паспорттун сканерленген көчүрмөсү.
- Электрондук түрдөгү 3*4 форматындагы сүрөт.
Аталган документтердин топтомун 2021-жылдын 1-ноябрына чейин жөнөтүү зарыл. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин жиберилген билдирмелер кабыл алынбайт.
Ошондой эле билдирмени жөнөтүү автоматтык түрдө аккредитация алуу дегенди билдирбейт. Кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча министрлик тарабынан журналисттерди аккредитациялоо же болбосо аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Чет элдик ЖМК өкүлдөрү министрлик тарабынан аккредитациялангандыгы жөнүндө тастыктоо алгандан кийин гана жогоруда белгиленген иш-чараны чагылдырууга укук алат.


