Башкы прокурор "Спартак" стадионуна элди ким жана эмне үчүн чогултканы текшериле турганын айтты
Башкы прокурор Курманкул Зулушев "Спартак" стадионуна элди ким жана эмне үчүн чогултканы текшериле турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Дастан Бекешев "Спартак" стадионунда 17-сентябрда түшүнүксүз адамдар чогулушканын айтты. "Журналисттер алар жарандык кийимчен милиция кызматкерлери экенин айтышты. Ал жерде ким жана эмне үчүн чогулгандыгы тууралуу так маалымат жок”, - дейт эл өкүлү.
Зулушев бул маселе тактала турганын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.