БЛОГ: Семичкени чагып, сыраны ичип, балмуздактын сыртын таштап кеткендей артыңдан тазалоого "киши жалдадың" беле?
Таң эрте жумушка келе жатып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын бет маңдайында жайгашкан отургучтардын бирине кимдир-бирөөлөр таштанды таштап кеткендигин көрдүм.
Ал жерден сыраны ичип, семичкени чагып, балмуздактын сыртын таштап кетишкен. Андан сырткары тегерек-четинен желим бөтөлкөлөрдүн жатканын көрүүгө болот. Бул абалды көргөн ар бир жарандын көңүлү чөксө керек. Муну кимдер жасаганы белгисиз. Бирок борбор калаанын чок ортосуна таштап басып кете беришкендигин түшүнүүгө болбойт. Муну ар ким өз деңгээлине жараша түшүнүшү мүмкүн. Бирок мен бул көрүнүштү мекенге жасалган кыянаттык деп түшүнөм.
Мекен - ар бир жаранга энчиленип берилген таберик. Аны көздүн карегиндей сактоо керек деп түшүнөм.
Айрымдар "арадай ишти чарадай кылып, көбүртүп-жабыртып жатасың" деши мүмкүн. Бирок бардык чоң иштер көзгө көрүнбөгөн майда нерселерден кураларына ишенем. 30 жылдан бери бутуна тура албай жаткан мамлекетибиздин бүгүнкү абалына наалыган адамдардын саны арбын. Бирок көптөр өзгөрүүнү өзүнөн башташ керек экендигин билбегендей...
Айлана-чөйрөнү таза сактоонун ордуна таштандыларды көрүнгөн жакка таштап кеткендер жок эмес. Бул кайдыгерликтин белгиси. Мекен үчүн чоң иш жасоо колубуздан келбесе да, жок дегенде аны сүйүп, баалай билүүгө чакырат элем.
кошулду




1 |