Ошто кечээ кечинде жер титиреди
Кечээ, 21-сентябрь күнү саат 22:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Жер титирөө Кара-Суу районунун Социализм жана Өзгөн районунун Куршаб, Курбу-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.