"Мен бул театрга жашоомду бергем". Опера жана балет театры Досмат Садыркуловду иштен алды



Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти Досмат Садыркуловду Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы жумушунан бошотулду. Бул боюнча SUPER.KG порталы Досмат Садыркуловго байланышканыбызда билдирди.
"Коммерциялык спектаклге каршы болуп жана реформа талап кылып март айында көп балдарыбыз кетип калышкан. Ошол биздин таланттуу балдарыбызды колдогонум үчүн репрессия кылып жатат. Мен буга ушундай баа бердим. 3-августта эмгек өргүүдөн жумушка чыктык. Чогулушка катыштым, анда биздин балетмейстерибиз жүгүртмө менен иштейбиз деди.
Мен бул театрда класс, репетицияларды алып барам жана артист катары өзүм катышам. Мага оор жумуш берилген жок. Жумуш берилбеген күндөргө келген жок деп акт жаза беришкен экен. Жыйынтыгында мага 16 рапорт жазылыптыр. Ошол рапорттор менен бүгүн биздин башкы директор Керим Турапов мени жумуштан кетирүү тууралуу буйрук чыгарды. Мен бул театрга жашоомду бергем. Балет дүйнөсү анын баарын билет жана баа берет деп ойлойм", - деп билдирди Садыркулов.
Эске салсак:
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан.
Спектакль коюлбай калгандан кийин 9-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын кызматкерлери маалымат жыйын беришкен. Анда балетчилер Коммерциялык спектаклге катышпагандыгынын себеби бул үчүн акы төлөнбөгөнүн билдиришкен.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган театрдагы болгон жагдай боюнча атайын комиссия түзгөнү маалымдалган. Комиссиянын корутундусуна ылайык, жетекчилерге эскертүү берилип, келишимдерди жаңыдан түзүү тапшырылган.
Кийинчерээк биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков министрликтин жетекчилиги, ошондой эле театрдын жетекчилиги, артисттери менен жолугушуп, спектаклды коюудан баш тартуу себептерин талкуулаган.
1-июнь күнү 10дой артист иштен кетүү арызын жазышкан.


