super.kg logo

165 миң доза вакцина калды. Өлкөдө AstraZeneca вакцинасынын жарактуулук мөөнөтү 30-сентябрда аяктайт

 

Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам иретинде келген коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын жарактуулук мөөнөтү 30-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин өлкөгө COVAX системасынын алкагында жалпы 200 миң доза AstraZeneca вакцинасы келген. Анын 35-40 миң дозасы эмдөө ишине жумшалган. Калган 160 миң дозага жакын вакцинанын жарактуулук мөөнөтү 30-сентябрда аяктайт.

"Азыр өлкөдө коронавируска каршы Спутник V, Синофарм жана AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө. Бирок көп адамдар Синофарм вакцинасын алып жатышат. Ал эми AstraZeneca менен көбүнчө чет өлкөгө чыгып жаткандар эмдөө алууда. Аталган вакцина көбүнчө биринчи доза үчүн колдонулат.

Азыр өлкөгө келген 200 миң дозага жакын вакцинанын 35 миңге жакыны эмдөөгө жумшалды. Адамдар каалабаган соң биз кыйнап эмдей албайбыз. Азыр болушунча колдонгонго аракет кылып жатабыз. 30-сентябрга чейин дагы эмдөө иштери уланат", - деди Гүлбара Ишенапысова.

Белгилей кетсек, өлкөдө бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 576 миң жаран коронавируска каршы эмделди. Бул жалпы калктын 8,9 пайызын түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: