"Башка арга жок". Нарындагы кулап калуу коркунучунда турган мектепте окуучулар билим алууда






Нарын облусунун Ак-Кудук айылындагы Омор уулу Кожоке атындагы авариялык абалда деп табылган мектепте окуучулар билим алышууда. Бул тууралуу аталган мектептин дииректору Байыш Касымалиевге байланышканыбызда белгилүү болду.
"Мектеп баягы эле абалында. Эч кандай өзгөрүү деле жок. Окуу башталганына аз эле убакыт болду. Учурда мектепте окуучулар окуп жатышат.
Мектеп айласы жок эле турат. Кулап калбашы үчүн тирөөчтөр менен тирелген", - деп билдирди Касымалиев.
Мындан сырткары ал мектеп авариялык абалда деп табылганына карабай жакынкы күндөрү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп калышы мүмкүн экендигин айтты.
"Эгер оңдоп-түзөө иштери башталса, окуучулар кайрадан онлайн окуп турушат. Ал эми 9-11-класстын окуучуларына сабак өтүү үчүн үй таап дайындап койгонбуз. Ошол жакта окушат. Андан башка вариант жок болуп жатат", - деп кошумчалады мектеп директору.
Маалымат үчүн:
Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Ак-Кудук айылынын тургуну кайрылып, Омор уулу Кожоке атындагы мектептин абалы мышык ыйлагыдай экенин айткан. Ошондой эле мектептин имараты кулап калбашы үчүн дубалдарга тирөөчтөр тирелип турган сүрөттөрүн жөнөткөн.
Ак-Кудук айылындагы авариялык абалдагы мектептин ордуна курула турган жаңы мектепке мамлекет тарабынан эки миллион сом бөлүнүп, учурда пайдубалы гана курулган.
Аталган мектеп 2014-жылы ноябрь айында комиссия тарабынан авариялык абалда деп табылган. Ошондой эле бул мектеп 1971-жылы курулган. Мектеп курама жыгачтан курулуп, спорт залы жок, 6 окуу класстан турат. Учурда 150 окуучу окуйт, 20 мугалим, 6 кенже тейлөөчү кызматкер иштейт.


